super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстан маанилүү делген оюнда Малайзия менен тең чыкты. Эми эмне болот?

 

Кечээ, 6-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз курамасы Малайзияны кабыл алды.

Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Кыргыз курамасынан Гүлжигит Алыкулов гол жаратса, "Ак шумкарлар" биринчи бөлүктүн аягында кайра өзүнүн дарбазасына гол киргизип алды.

Эми эмне болот?

Кечээ биздин тайпадагы Оман менен кытайлык Тайбэй дагы кез келип, Оман 3:0 эсебинде жеңишке жетти. Мындай жыйынтык менен "Ак шумкарлар" "D" тайпасында 1-орундан 2-орунга түштү. Кошумчалай кетсек, 12 упайга ээ болгон Оман курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунун кийинки айлампасына чыгып, 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алды.

Акыркы 6-турда кыргызстандыктар Оман менен конокто ойносо, малайзиялыктар кытайлык Тайбэйди өз үйүндө кабыл алат. Кыргыз курамасы кийинки баскычка өтүү жана Азия Кубогуна жолдомо алуу үчүн Оманды утушу керек же тең чыгуу жетиштүү.

Оман менен тең чыксак анда Кыргыз курамасы 11 упайы менен экинчи орунда тайпадан чыга алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: