super.kg logo
  Саясат  

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча макулдашууга кол коюлду

 

Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосундагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-июнда Пекин шаарында үч өлкөнүн бийлик өкүлдөрү макулдашууга кол коюшкан. Кыргыз тараптан Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев катышкан.

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору үч өлкөнү бириктире турган стратегиялык инфраструктуралык долбоор болуп, Борбордук жана Чыгыш Азиянын ортосунда жаңы кургактык транспорттук коридорун түзөт.

Келишимге кол коюу долбоорду ишке ашыруудагы маанилүү кадам болуп саналат. Ал үч өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун негизги принциптерин жана механизмдерин, анын ичинде темир жолду каржылоону, курууну, эксплуатациялоону жана тейлөөнү белгилейт.

Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруудагы маанилүү жетишкендик болуп саналат. Ал долбоордун мындан аркы прогресси жана аны ийгиликтүү аяктоо үчүн бекем негиз түзөт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: