Бишкекте 82 жаштагы Кайратбек Такибаев изделип жатат
Бишкекте 82 жаштагы Кайратбек Такибаев дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Ал 5-июнь саат 17:30 чамасында калаанын Байтик баатыр көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 167 сантиметр, арыкчырай дене түзүлүштө, эс тутуму начар.
Кийген кийимдери: кара түстөгү спорттук шым, ак-көк сызыктары бар көйнөк, башына улуттук оюулары бар топу кийген.
Кайратбек Такибаев тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге байланышса болот: +996 555 230 490, +996 755 074 720.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.