super.kg logo

Москвада француз жараны, ал эми Францияда Орусиянын жараны кармалды

 

Москвада аскерий маалымат чогулткан деген шек менен француз жараны, ал эми Францияда теракт уюштурууга шектелип Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, 6-июнда Орусиянын Тергөө комитети Москвада аскердик маалымат чогултууга шектелген француз жараны кармалганын билдирди.

Тергөө комитети кармалган адам бир нече жылдан бери Орусиянын аскердик жана аскердик-техникалык ишмердүүлүгү боюнча маалыматтарды чогултуп келген деп ырастоодо. Башкармалыктын айтымында, бул маалыматты чет элдик маалымат булактары Орусияга каршы колдонуп, өлкөнүн коопсуздугуна шек келтириши мүмкүн.

Тергөө комитети ошондой эле кармалган адам атайылап аскердик маалыматтарды чогултуп, чет элдик агенттердин тизмесине кире турган документтерди көрсөтпөө менен Орусиянын мыйзамдарында каралган милдеттерди аткаруудан качканын билдирди. Жакынкы арада ага айып тагылып, баш коргоо чарасы тандалат.

Ал арада Францияда теракт уюштурууга катышкан деген шек менен Орусия менен Украинанын кош жарандыгы бар 26 жаштагы Донбасстын тургуну кармалды.

Франциянын Терроризмге каршы улуттук прокуратурасы (PNAT) 3-июнда Шарль де Голль аэропортуна жакын жердеги мейманканада болгон жарылуудан бир киши катуу күйүк алганын кабарлады. "Бөлмөдөн жардыргыч түзүлүштөрдү жасоого арналган буюмдар жана материалдар табылган, бул түзмөктөрдүн бири жарылып кетти" деп билдирди PNAT. Террордук планга катышкан деп шектелген адамга карата тергөө иштери башталды.

Кармоо Франциянын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук башкы башкармалыгы (DGSI) тарабынан жүргүзүлгөн. Шектүү орус жарандыгын алып, Орусия тарапта согушкан Донбасстын тургуну. Ал айыптоолорду четке кагып, окуяны кокустук деп атоодо.

Le Journal du Dimanche басылмасы бул адам Франция Украинага жөнөтүп жаткан аскердик техниканы жок кылуу үчүн жардыргыч заттарды колдонууну көздөгөн деп шектелип жатканын жазды.

Кошумчалай кетсек, Орусия менен Франциянын мамилеси Украинадагы согуштан улам кескин начарлап кеткен. Буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон эгер Орусия фронтту жарып өтүп, Украина жардам сураса, Батыш күчтөрү Украинада пайда болушу мүмкүн экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: