super.kg logo

Оштогу "Прада" түнкү клубунда баңгизат сатып келген официант менен күзөт кызматкери кармалды

 

Ош шаарында жайгашкан «Прада» түнкү клубунда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналы аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Тактап айтканда, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө түнкү клубда күзөт кызматкери болуп иштеген 2004-жылы туулган И.у.Б. гашиш жана спайс сыяктуу баңгизаттарын сатуу менен алектенип жүргөндүгү такталган.

Ошондой эле, И.у.Б.нын 2005-жылы туулган Б.у.А. аттуу шериги аныкталган. Ал официант болуп иштеп, түнкү клубда баңгизат сатуу менен алектенген.

"Жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 31-майда «Прада» түнкү клубунун жанынан И.у.Б., ал эми 2-июнда Ош шаарынан Б.у.А. кармалды. Кармалгандар Ош шаарындагы №25 мекемеге киргизилди. Азыркы учурда УКМК жана ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы биргелешкен пландын алкагында аталган наркоканалга тиешеси бар башка адамдардын кылмыш иштери тууралуу маалыматтарды чогултууга жана документтештирүүгө багытталган тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларын улантууда", - деп билдиришти УКМКдан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.06.2024. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кимдин келечегине керек ушул түнкү клубтар? тез арада мыйзам кабыл алынып жаптырып салуу керек, кыз келиндерибизге зыяны тийип жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: