"Сом, тизилген тыйындар..." Бишкекте "С" тамгасынын формасындай өзгөчө имарат курула баштады




Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын имаратынын курулушуна капсула салуу аземине катышты.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жаңы имаратка Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын, Аналитикалык борбордун, Ситуация борборунун, Дата борборунун жана Ишкерлерди тейлөө борборунун кызматкерлери жайгашат.
"Жаңы жети кабаттуу имарат уникалдуу архитектурага ээ болот. Ал куш учкан бийиктиктен караганда, улуттук валютабыз – сомду символдоштурган “С” тамгасынын жана “Салык” сөзүнүн биринчи тамгасынын формасында көрүнөт. Мындан тышкары имараттын өзү биринин үстүнө тизилген тыйындар болот, бул дагы туруктуулукту билдирет, - деди өкмөт башчы.
Министрлер кабинетинин башчысы курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө жүргүзүүнү тапшырып, салык кызматынын жаңы имараты жалпы жетишкендиктердин жана жаркын келечекке умтулуунун символу болорун кошумчалады.

