super.kg logo

Кара-Балтанын тургуну аялын кызганып чыр чыгарган кошунасын атып салды

 

Кара-Балта шаарынын 39 жаштагы тургуну кошунасын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Чүй облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 6-июнда саат 19:30 чамасында болгон. Шектүү үйүндө эки аял менен спирт ичимдиктерин ичип отурганда аялдардын бири менен чогуу жашаган киши келип, кызганычтан улам ортодо уруш чыккан. Жаңжал ырбап 39 жаштагы үй ээси урушка кеткен жаранды ИЖ-17 үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу куралы менен көкүрөккө аткан. Натыйжада октон жараат алган жаран "Тез жардам" келгенге чейин каза болуп калган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине (Адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1985-жылы туулган И.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Тергөөнүн жүрүшүндө курал алынып, иш боюнча бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө амалдары уланууда", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: