super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Финансы министрлигинин 100 жылдыгын майрамдоого байланыштуу иш-чарага катышты

 

Бүгүн, 7-июнда президент Садыр Жапаров Финансы министрлигинин 100 жылдыгын майрамдоого байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Садыр Жапаров финансы жана экономика тармагындагы адистерди, республиканын каржылык туруктуулугун бекемдөөгө салмактуу салым кошкон ардагерлерди куттуктады.

Ал белгилегендей, жалпысынан финансы системасы өлкөнүн өнүгүүсүн аныктоочу негизги критерий болуп саналат. Кылым карыткан тарыхында жарык менен караңгы жанаша жүргөн турмуштагыдай эле Финансы министрлигинин жетишкендиктери да, жоготуулары да болду. Министрлик биздин коомдук турмушубузда негизги ролду ойноп, экономиканын бардык тармактарын туруктуу өнүктүрүүгө, социалдык программаларды ишке ашырууга жана өлкө жарандарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга салым кошкон.

"Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын мамлекеттин маанилүү тармактарынын бирине айланган каржы системасында маанилүү роль ойногон белгилүү мамлекеттик ишмерлерди да белгилеп өттү", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, финансы-экономикалык чөйрөсүн өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери, Финансы министрлигинин 100 жылдыгын майрамдоого байланыштуу бир катар финансы тармагындагы кызматкерлер III даражадагы “Манас” ордени менен, “Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти” деген ардак наамы, “Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи” деген ардак наамы, Ардак грамотасы, "Бажы кызматынын генерал-майору" деген жогорку атайын наамы менен сыйланышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: