super.kg logo

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу дагы эки көчө жабылат

 

Бишкек шаарында бир нече көчөлөр капиталдык оңдоодон өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ахунбаев жана Токтоналиев, Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилиши Байтик баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн жолдорун капиталдык оңдоонун алкагында унаа кыймылы үчүн жабылат.

Эртең, 8-июнда саат 9:00дөн 00:00гө чейин Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилиши жабылат.

Ал эми Ахунбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилиши 8-9-июнда жабылат.

Белгилей кетсек, капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу Байтик баатыр көчөсү Токомбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин (Сүйөркулов жана Ахунбаев көчөлөрү кыймыл үчүн ачык бойдон калган), Ахунбаев көчөсү Айтматов проспектисинен Малдыбаев көчөсүнө чейин жабылган (Токтоналиев көчөсү жол кыймылы үчүн ачылган).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: