super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн энергетикалык системинин эң проблемалуу секторлоруна ири инвестицияларды тартуу боюнча макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө мыйзамдарга кол койду

 

Кечээ, 23-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн  энергетикалык системинин эң  проблемалуу секторлоруна ири инвестицияларды тартуу боюнча макулдашууларды ратификациялоо  жөнүндө  мыйзамдарга кол койду. 

Макулдашууга ылайык, Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого тартылган  инвестициянын суммасы 386 миллион АКШ долларын түзөт.

Ал эми Газтранспорт тармагына стратегиялык ири инвесторду тартуу тууралуу макулдашуу Кыргызстанга 655 миллион АКШ долларын алып келет жана 2013-2014-жылдардын  кыш мезгилин өлкөбүз үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылууга багытталган.

Жаратылыш газын  Кыргыз Республикасынын аймагына жиберүү, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун алкагында курулуштун перспективалуу планына ылайык, орусиялык тарап жумшаган инвестициялар  төмөндөгү максаттарга  багытталат:

- узундугу 112 чакырым келген Чүй облусундагы  магистралдык газ түтүгүнүн II бутагынын курулушу;

- узундугу 91 чакырым келген Бишкек-Кант-Токмок магистралдык газ түтүгүн алмаштыруу;

- Бишкек шаары, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы  иштеп жаткан газ түтүктөрүн реконструкциялоо;

- узундугу 315 чакырым келген Майлы-Суу шаарынан Баткен облусуна  чейин магистралдык газ түтүгүнүн курулушу;

- узундугу 92,8 чакырым келген Аманбаев айылынан Талас шаарына чейин магистралдык газ түтүгүнүн курулушу;

- узундугу 550 чакырым келген Токмок-Ысык-Көл магистралдык газ түтүгүнүн курулушу;

- компрессордук басымды жеткирүү станциясы менен “Майлы-Суу” жер алдындагы газды сактоочу  жайды кайра калыбына келтирүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: