Ысык-Көлдө төрт айылдык милиция бөлүмүнүн имараты курула баштады





Кечээ, 8-июнда Ысык-Көл облусунун айылдык милиция бөлүмдөрүнүн курулуп жаткан бир катар жаңы имараттарына капсула салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл, Жети-Өгүз райондорунун жана Каракол шаарынын ички иштер бөлүмдөрүнүн Ананьево, Барскоон, Дархан жана Пристань-Пржевальск айылдык милиция бөлүмдөрүнүн салынып жаткан жаңы имараттарына капсула салуу аземи болуп өттү.
Аталган иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ысык-Көл ОИИБинин башчысы Мурат Боронов жана өздүк курамы катышты.
"Курулуш толугу менен Ички иштер министрлигинин каражатынан каржыланат. Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата курулушту аяктоо жана жаңы имараттарды пайдаланууга берүү үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына мерчемделүүдө", - деп айтылат маалыматта.

