super.kg logo

Нусейраттагы кыргында 210 киши набыт кеткени кабарланды

 

Газа өкмөтүнүн басма сөз кызматы Израилдин туткундарды бошотуу операциясы өткөн Газа тилкесиндеги Нусейрат качкындар лагеринде 210 киши набыт кеткенин кабарлады. Алардын көбү балдар жана аялдар.

"Нусейрат лагериндеги израилдик оккупациялык кыргында 210 киши шейит кетип, 400дөн ашуун адам жарадар болгон", - деп айтылат анда.

ХАМАС АКШнын Нусейраттагы Израилдин операциясына жигердүү катышканын ырастап, америкалык аскерлердин бул аракеттерин "Вашингтондун Газа тилкесиндеги Израилдин согуш кылмыштарына түздөн-түз катышуусунун далили" деп мүнөздөдү.

Палестинанын президенти Махмуд Аббас Газа тилкесинде качкындардын массалык өлүмүнө байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылганын WAFA агенттиги билдирди. Аббас чукул жыйын уюштуруу үчүн араб өлкөлөрү жана башка мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Буга чейин Израил армиясынын басма сөз кызматы Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Нусейрат аймагында атайын операция жүргүзүлүп, анын натыйжасында 2023-жылдын 7-октябрында туткунга алынган төрт израилдик бошотулганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: