super.kg logo

Египет Израилдин Нусейрат лагериндеги аракеттерин айыптады

 

Египет Израилдин Газа тилкесиндеги Нусейрат качкындар лагериндеги барымтадагыларды куткаруу боюнча атайын операциясын айыптады. Билдирүүнү Египеттин Тышкы иштер министрлиги таратты.

"Египет Араб Республикасы 150дөн ашык палестиналыктын каза болушуна жана дагы жүздөгөн адамдардын жараат алуусуна алып келген Газанын борборундагы Израилдин агрессиясын кескин айыптайт жана мындай аракеттерди эл аралык укуктун бардык жоболорун одоно бузуу деп эсептейт", - деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик кошумчалагандай, Израил "бул агрессия актысы үчүн толук юридикалык жана моралдык жоопкерчиликти алат" жана жөөт мамлекетинен "палестиналык жарандарды ылгабай бутага алууну токтотууну, муну менен баскынчы тарап катары өз милдеттерин аткарууну" талап кылды.

Каир ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңешин жана башка эл аралык органдарды буга дароо кийлигишип, Израилдин Газа тилкесине каршы агрессиясын токтотууга чакырды.

Буга чейин Израил армиясынын басма сөз кызматы Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Нусейрат аймагында атайын операция жүрүп жатканын, анын натыйжасында 2023-жылдын 7-октябрында барымтага алынган төрт израилдик бошотулганын билдирген. Алардын бардыгы дени сак жана медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Тель-Авивдин четиндеги Шеба ооруканасына жеткирилген.

Өз кезегинде Газа өкмөтүнүн басма сөз кызматы Израилдин туткундарды бошотуу операциясы өткөн Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Нусейрат качкындар лагеринде 210 палестиналык набыт болуп, 400дөн ашууну жарадар болгонун билдирди. Алардын көбү балдар жана аялдар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: