Кыргызстандык окуучулар Аль-Хорезми олимпиадасында 3 медаль жеңип алышты
Кыргызстандык окуучулар Аль-Хорезми олимпиадасында 3 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Ташкентте өткөн өспүрүмдөр арасындагы математика боюнча II Эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында Бишкектеги №70 мектеп-гимназиясынын окуучусу Султан Мусакожоев алтын медаль, №62 мектеп-гимназиясынын окуучусу Арлан Керимов жана “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Тимур Акенеев коло медаль жеңип алышты.
Олимпиадага Кыргызстандын командасында Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучулары Атажан Чолпонкулов, Нуржамал Пазылбекова жана Даниил Елистратов, Ош шаарындагы эл аралык мектептин окуучусу Бектен Абдувалиев, Купуев атындагы академиянын окуучусу Айдар Шакиралиев катышты.
Команданын жетекчилери жана машыктыруучулары Мамат Ишматов менен Тимур Мамбетов.
Бул жылы олимпиадага Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан 135 окуучу катышты.

