super.kg logo

Түркия Израилге качкындар лагерине кол салганы үчүн наалат айтты

 

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Израилдин Газа тилкесиндеги Нусейрат палестиналык качкындар лагерине жасаган жана жүздөгөн жайкын тургундардын өмүрүн алган соңку чабуулун кескин айыптады.

Түркиянын ТИМи расмий билдирүүсүндө бул окуяны Израилдин Газада жасаган көптөгөн кылмыштарынын арасында "варвардык кол салуу" деп атады.

"Биз Израилдин Газадагы палестиналык качкындардын Нусейрат лагерине кол салуусуна наалат айтабыз, натыйжада жүздөгөн палестиналык жарандар каза болду. Бул акыркы жапайы кол салуу менен Израил Газада жасаган кылмыштарына дагы бир согуш кылмышын кошту", - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Түрк бийлиги ошондой эле эл аралык уюмдарды, өзгөчө БУУнун Коопсуздук кеңешин өз милдеттерин аткарууга жана Израилдин аскердик кылмыштарын токтотуу үчүн чараларды көрүүгө чакырды.

"Биз эл аралык тынчтыктых жана коопсуздукту сактоого жооптуу уюмдарды өз милдеттерин аткарууга жана Израил тарабынан жасалган бул кылмыштарды токтотууга чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Израил армиясынын басма сөз кызматы Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Нусейрат аймагында атайын операция жүрүп жатканын, анын натыйжасында төрт израилдик кайтарылганын жарыялаган.

Өз кезегинде Газадагы маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмү Нусейраттагы операция учурунда 210 палестиналык набыт болуп, 400дөн ашууну жарадар болгонун кабарлады. Алардын көбү балдар жана аялдар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: