super.kg logo
  Саясат  

Майыптыгы бар адамдарга жасалган сексуалдык кылмыш үчүн жазаны катаалдатуу коомдук талкууга коюлду

 
Кыргызстанда майыптардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштар үчүн жазаны катаалдатуу сунушталды. Тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланды.
Аталган мыйзамдын демилгечилери депутаттар Жылдыз Садырбаева менен Марлен Маматалиев. Алар мыйзам долбоору майыптыгы бар адамдардын жыныстык кол тийбестигин коргоо максатында иштелип чыкканын айтышкан.

"Бүгүнкү күнү мамлекет тарабынан айрым категориядагы кишилерди, анын ичинде жашы жете элек балдарды коргоо үчүн сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар жана укук бузуулар менен күрөшүүнүн укуктук чаралары максималдуу түрдө иштелип чыкты.

Мындан тышкары мыйзам долбоорунда акыркы убакта өлкөдө майыптыгы бар адамдардын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы жасалган кылмыштар байкалууда", - деп жазылган мыйзам долбоорунда.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстерине тиешелүү өзгөртүүлөр сунушталган. Ага ылайык, жынысы жана жаш курагына карабастан майыптыгы бар адамдардын жыныстык кол тийбестигине, жыныстык эркиндигине каршы кылмыштарды жасагандарды өмүр бою эркинен ажыратуу мүмкүнчүлүгү каралган. Анын ичинде кылмыш жасоо учурунда алтымыш жашка толгондор эркиндиктен ажыратуу түрүндөгү кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулбайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: