super.kg logo

Индонезияда питон аялды жутуп алды (видео)

 

Индонезияда чоң питон жылан аялды жутуп алган. Анын жансыз денесин бир күндөн кийин жаныбардын ичинен союп алып чыгышкан. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя Түштүк Сулавеси провинциясынын Калемпанг айылында орун алган. 6-июнда 45 жаштагы аял үйүнөн өзү иштеген базарга токой аркылуу чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

“Аял жумушунан кайтып келбеген соң туугандары милицияга кайрылган. Анын эртеси токойдон ичи чоңойгон абалда, узундугу беш метрлик жылан табылган. Анын жанында жоголгон аялга таандык буюмдар жаткан. Жергиликтүүлөр шектеним жыланды өлтүргөн соң кесишип, ичинен аялдын жансыз денесин алып чыгышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалагандай, ушундай эле окуя 2017-жылы да катталып, эки күндөн кийин жети метрлик питондун ашказанынан адамдын сөөгү табылган.

Белгилей кетсек, узундугу алты метрден ашкан чоң питондор Индонезия менен Филиппинде кездешет. Бул уулуу эмес жыландар адамдарга сейрек кол салышат жана майда жаныбарларга аңчылык кылууну жакшы көрүшөт.






Индонезияда беш метрлик жылан аялды жутуп алган

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: