"Теплоключенка - Ак-Суу". Кыргызстандагы бир нече айылдын атын өзгөртүү сунушталды (тизме)
Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айылдарына жаңы ат берүү сунушталууда. Мыйзам долбоору коомдук талкулоонун бирдиктүү порталына жарыяланды.
Ага ылайык, Жалал-Абад облусунан Аксы районунун Таштак айылын Малкалды, Ноокен районунун Параканда айылын Баракелде деп атоо, Нарын облусунан Кочкор районунун Большевик айылын Баялы Исакеев, Талас облусунан Бакай-Ата районунун Ынтымак айылын Шадыкан, Манас районунун Новодонецк айылын Айтматов, Талас районунун Козучак айылын Жанкороз-Олуя, Балбал айылын Жаныбек баатыр деп өзгөртүү каралган. Мындан тышкары, Чүй облусунан Москва районунун Чоң-Арык айылын Сыйдалы, Ысык-Көл облусунан Ак-Суу районунун Теплоключенка айылын Ак-Суу айылы деп атоо сунушталып жатат.
"Жогоруда аталган айыл аймактардын жана айылдардын аталыштарын кайра атоо боюнча чечимдер жергиликтүү жашоочулардын жыйынында кабыл алынып, тиешелүү жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдери жана президенттин Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тескемелери менен жактырылган", - деп айтылат долбоордун негиздемесинде.
Ошондой эле сунушту Министрлер кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиясы 30-майда колдоого алганы айтылган.

