super.kg logo
  Саясат  

Комитет "Аталар күнүн" белгилөө жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды

 

Бүгүн, 10-июнда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитети "Аталар күнүн" белгилөө жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери: Жогорку Кеңештин депутаттары Эльмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков, Акылбек Түмөнбаев, Улугбек Ормонов, Марлен Маматалиев, Айбек Маткеримов, Кубанычбек Самаков, Медербек Алиев.

Жыйында депутат Медер Алиев мыйзам долбоорунун максаты тууралуу сөз кылды.

"Мыйзам долбоору үй-бүлөдө жана коомдо аталардын ролун таануунун жана колдоонун, ата менен балдардын ортосундагы эмоциялык байланышты өнүктүрүүнүн, урматтоо жана сыйлоо салттарын калыптандыруунун, ошондой эле балдарды тарбиялоого аталардын жигердүү катышуусун колдоонун маанилүү максаттарына кызмат кылат", - деди эл өкүлү Алиев.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору 13-марттан тартып коомдук талкууга коюлган. Долбоорго ылайык, өлкөдө жыл сайын 15-мартты "Атанын күнү" катары белгилөө сунушталууда. Бирок сунушталган Аталар күнү дем алыш күн болуп саналбайт.

Демилгечи депутат мыйзам долбоору коомдун өнүгүшүндө аталардын ролун жана кошкон салымын таанууга, ошондой эле үй-бүлөнү чыңдоого жана үй-бүлөдө эркектин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталганын белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: