Токмок-Прогресс-Кайырма унаа жолун асфальттоо иштери толугу менен аяктады







Чүй облусуна караштуу Токмок-Прогресс-Кайырма унаа жолуна асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №954 Жол тейлөө мекемеси тарабынан 3 чакырым аралыкка асфальт жаткырылып, жумуштар толук жыйынтыкталды.
"Быйыл негизинен жалпы 15 чакырымды түзгөн Токмок-Прогресс-Кайырма унаа жолунун 0-1, 8-9 жана 11-12-чакырымдар аралыгына 6 сантиметр калыңдыктагы асфальт төшөө иштери каралган", - деп айтылат маалыматта.
Баса белгилей кетсек, жол бардык нормаларга жооп берет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.