super.kg logo

Бишкекте мыйзамсыз иштеп келген 2 диний мекеме жабылды

 

Бишкекте мыйзамсыз иштеп келген 2 диний мекеме жабылды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, жабылган медреселерде жашы жете элек балдарга өз алдынча диний сабактар берилип келгени жана медреселердин мамлекеттик мекемелерден эч кандай тиешелүү уруксат кагаздарын албаганы аныкталган. Ошондой эле диний мекемелерде үч миң сомдон акы төлөп 40тан ашуун студент окуп жатканы такталган.

Аталган фактылар Бишкектин Свердлов РИИБинин электрондук маалымат каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Ошондой эле шаардык милиция диний мекемелерде окуп жаткан жашы жете элек балдар ата-энелерине өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: