"Өзгөчө ыкмаларды колдонуп жатышат". Улуттук банк шылуундар тууралуу эскертти

Мекеме телефон, мессенджер, жарнамалык сайттар жана социалдык тармактар аркылуу да шылуундарга туш болгон жарандардан арыздарды кабыл алууда.
"Жарандардын акчасынан пайдалануу үчүн алдамчылар акыркы технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти (үндү бурмалоо), ошондой эле психологиялык сыяктуу барган сайын өзгөчө ыкмаларды колдонуп жатышат.
Ушуга байланыштуу жарандарга өзүнө сак болууга жана кандай болбосун жеке өзүнө таандык маалыматтарды, картанын номерин, ПИН-кодун, SMS-билдирүү коддорун үчүнчү жактарга бербөөгө чакырабыз. Шектүү интернет шилтемелерге кирбеңиз, андан да жеке маалыматтарды же картаңыздын реквизиттерин көрсөтпөңүз. Мессенджер аркылуу белгисиз номерлерден видео чалууларга да жооп бербөө керек", - деп эскертишти банктан.
Ошондой эле шылуундар көбүнчө өзүн Улуттук банктын же коммерциялык банктын кызматкери катары тааныштырып жаткан учурлар катталып жатканы айтылды.
"Улуттук банк эч качан жарандардан жеке жана жашыруун маалыматтарды телефон аркылуу сурабай тургандыгын эсиңиздерге салабыз. Мындан тышкары Улуттук банк жарандарга эсеп ачпайт, жеке адамдарды тейлебейт жана калк менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт. Бейтааныш адамдар менен телефон аркылуу сүйлөшүүнүн кереги жок жана телефонду дароо өчүрүп салуу керек, - дешти мекемеден.
Ушул сыяктуу учурларда маалыматты тактоо үчүн Улуттук банктын же коммерциялык банктардын расмий телефондоруна гана кайрылуу зарыл.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.