super.kg logo

Өлкөгө тооктун жумурткасын алып кирүүгө тыюу салынды

 

Өлкө өз аймагына тооктун жумурткасын алып кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Токтом маалыматтык-укуктук порталында айтылды.

Маалым болгондой, мындай чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, азык-түлүк товарларына рыноктук бааны турукташтыруу жана ички рыноктун талаптагыдай иштешин камсыз кылуу үчүн кабыл алынган.

Тийиштүү токтом 5-июнда Министрлер кабинети тарабынан кабылданган жана ал расмий жарыялангандан үч күндөн кийин күчүнө кирет. Чектөө 6 айлык мөөнөткө киргизилүүдө.

Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жумуртка импортуна убактылуу тыюу салууну сунуштап, тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга койгон болчу. Анда министрлик мындай чечим жергиликтүү ишкерлердин кайрылуусунан улам кабыл алынып жатканын жүйө келтирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: