Ошто борбордук базардагы 500гө жакын сатуучуга ККМ аппараты акысыз берилди




Бүгүн, 10-июнда Ош шаарынын борбордук базарында Мамлекеттик салык кызматынын Ош башкармалыгы тарабынан сатуучуларга акысыз ККМ аппараттары тапшырылды. Бул туурасында шаарыдык мэрия кабарлады.
Маалымдалгандай, арыз берген 500дөн ашык соодагерлер акысыз ККМ аппараттарын алышат.
“Буга чейин да базарлардын соодагерлерине 100дөн ашык ККМ аппараттары тапшырылган. Шаар боюнча аппаратка болгон жалпы муктаждык 3 миң 211 бирдикти түзөт, бирок бул сан дайыма өсүп турат”, - деп билдирген маалыматта.
Эскерте кетсек, акысыз ККМ аппараттары соода ишмердүүлүгү үчүн патенттерди жокко чыгарууга байланыштуу бирдиктүү салыкты киргизүүнүн алкагында тапшырылууда. Соода иши үчүн патенттерди жокко чыгаруу 1-июлдан баштап күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.