super.kg logo

Сокулукта өмүр бою соттолгон жаран эркиндикке чыгып кеткени аныкталды

 

Жазаларды аткаруу кызматынын №19 мекемесинде текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Текшерүүдө ЖАКтын кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, өмүр бою эркинен ажыратууга соттолгон М.К. аттуу жаранды кармоо режимин бузуу фактылары бар экендигине карабастан, ага карата жазаны өтөө режиминин түрүн өзгөртүү жөнүндө сотко сунуш киргизишкени аныкталган.

"Натыйжада, аталган сунуш сот тарабынан канааттандырылып, ал эми өмүр бою эркинен ажыратууга соттолгон М.Кнын андан ары жаза өтөө режими мыйзамсыз жеңилдетилип, мөөнөтүнөн мурда бошоп кетүүгө жол ачылган.
Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгына жиберилди", - деп билдиришти прокуратурадан.
Мындан сырткары прокуратура тарабынан мыйзамсыз кабыл алынган соттун чечимине карата апелляциялык сунуш келтирилип, кароо алдында турат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: