super.kg logo
  Саясат  

Жапаров Венада соңку жылдары Кыргызстандын экономикалык өсүшү бардык рекорддорду жаңыртканын айтты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Венада өтүп жаткан Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумдун алкагында “Таза” энергетикага өтүүгө байланыштуу инвестициялык мүмкүнчүлүктөр” панелдик сессиясынын жүрүшүндө Кыргызстандагы “Экономикалык перспективалар жана инвестициялык климат” аттуу өлкөнүн презентациясы менен тааныштырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров анда ар бир жарандын бакубаттуулугун жогорулатууга жетишүү үчүн өлкө бийлиги экономикалык өнүгүүнү модернизациялоо, мамлекеттик система, анын ичинде процесстерди санариптештирүү жана жасалма интеллектти колдонуу аркылуу фундаменталдуу жана реалдуу реформаларды ишке ашырып жатканын белгиледи.

"Акыркы жылдары Кыргызстандын экономикалык өсүшү бардык рекорддорду жаңыртты жана өзгөчө туруктуу өнүгүүнү көрсөттү – ИДПнын орточо өсүү темпи 7 пайызды түздү. Ал эми 2024-жылдын биринчи кварталында экономиканын өсүү темпи 8,8 пайызга чейин жетти”, - деди Жапаров.

Ал кошумчалагандай, жакында Moody's рейтинг агенттиги Кыргызстандын кредиттик рейтинги боюнча болжолун терстен туруктууга көтөрдү жана улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы эмитенттердин узак мөөнөттүү рейтингин B3 (Bi үч) деңгээлинде тастыктады.

"Маанилүү жагдайлардын бири – бул жылы биз маанилүү окуяны – азыркы Кыргызстандын эгемендүү мамлекеттүүлүгүн жана көз карандысыздыгын калыптандыруунун маанилүү этабы болгон Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп жатканыбызда. Мунун урматына 100дөн ашык ири долбоорлор жана өнөр жай ишканалары жана өзүнчө 100 социалдык объектилер ишке киргизилет", - деди өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: