Миң-Кушта сайга кулаган жүк ташуучу унаа: Кырсыкты иликтей турган комиссия түзүлдү



Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Нарын облусунун Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташыган жүк ташуучу унаа көпүрөдөн кулап кеткени боюнча комиссия түзүлүп, кырсыкты иликтөө боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Министрлик 1-июнь күнү орун алган окуядагы оор жүк ташыган унаа "ЭРН-Строй" ишканасына таандык экенин маалымдап, түзүлгөн комиссиянын курамына министрликтин Экологиялык, техникалык көзөмөл кызматы, Тоо-кен металлургия профсоюзу, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин радиациалык коопсуздук бөлүмү киргенин кошумчалады.
Ошондой эле мекеме Миң-Кушта радиациялык абал туруктуу экенин белгиледи.
"Комиссиянын мүчөлөрү жеринен радиациялык фондду өлчөп, нормалдуу экенин аныкташты, кооптонууга себеп жок. Андан тышкары суунун-жердин үлгүлөрүн изилдөөгө алышты. Үлгүлөрдүн жыйынтыгы 15 күн ичинде чыгарылат", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин, 3-июнь күнү социалдык тармактарда жергиликтүү тургундар тарабынан кырсык болгон жерде тартылган сүрөт, видеолор тарай баштаган. Бир катар жергиликтүү басылмалар Миң-Кушта уран калдыктарын ташыган HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа көпүрөдөн сайга кулап түшкөнүн жазып чыгышкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуя 1-июнда болгонун, анда Туюк-Суу калдык сактоочу жайындагы рекультивация иштерин жүргүзүп жаткан "Росатомго" таандык унаа кулаганын ырастаган. Ошондой эле оор жүк ташыган унаа кырсыкка учураган маалда бош болгонун, кырсык болгон аймакта радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкканын маалымдаган жана унаанын айдоочусунун абалы туруктуу экенин билдирген.

