Ошто каналга түшүп кеткен жаран изделүүдө (видео)
Бүгүн, 10-июнда Ош шаарынын Исаков көчөсүндөгү каналга белгисиз адам түшүп кеткен. Бул туурасында ӨКМ кабарлады.
Маалымдалгандай, жергиликтүү тургундар 112 кызматына байланышып, каналга түшүп кеткен жаран боюнча билдиришкен.
“Жерине издеп-куткаруу иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 10, Ош шаардык Куткаруу кызматынан 14 куткаруучу тартылды. Кошумча маалымат берилет”, - деп айтылат билдирүүдө.
Ошто каналга түшүп кеткен жаранды 24 куткаруучу издөөдө
Ошто каналга түшүп кеткен жаранды 14 куткаруучу издөөдө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.