super.kg logo
  Саясат  

Электрондук тамеки колдонууга тыюу салуу мыйзамы комитетте жактырылды

 

Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында электрондук тамеки колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорун депутаттар Шаирбек Ташиев менен Алишер Козуев демилгелеген.

Алишер Козуев мыйзам долбоорунун максаты жаш жарандардын ден соолугун электрондук тамеки колдонуудан коргоо, организмдин өнүгүүсүнүн басаңдашын жана терс адаттарга көнүп кетүүсүн алдын алуу экенин белгиледи.

Ага ылайык, электрондук тамекилерди пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу жеке жактарга 40 миң сом өлчөмүндө, юридикалык жактарга 60 миң сом айып салууга алып келет.

Электрондук сигареттерди саткан жеке жактарга 50 миң сом өлчөмүндө, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салынат. Ал эми ташып келгендер 150 миң сомдон 200 миң сомго чейинки айыпка жыгылат же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева электрондук тамекилерди өлкөгө алып кирүүгө тыюу салуу керектигин белгилеп, бирок аны колдонгондугу үчүн сунушталып жаткан 40 миң сом айып кымбат экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Эрулан Кокулов коомдук жайларда электрондук тамеки тарткандарга айып пул салууну сунуштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: