super.kg logo
  Саясат  

Дарыгерлерге кол салгандарга жазаны күчөткөн мыйзам комитетте колдоо тапты

 

Бүгүн, 10-июндагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кылмыш-жаза кодексине жана бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.

Мыйзам долбоору медициналык кызматкерлер кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда аларды зомбулуктан коргоону жана жана аларга кол салуунун алдын алууну ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Аны Винера Раимбачаева баштаган он депутат демилгелеген.

Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексине "Медицина кызматкерлеринин кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу" деп аталган жаңы берене киргизилет. Анда медициналык кызматкерлердин кесиптик ишине тоскоолдук жаратуу, ден соолугуна залал келтирүү, материалдык зыян келтирүү үчүн айып салуу, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазалар сунушталууда.

Андан тышкары жыйында Жанар Акаев баштаган депутаттар тарабынан демилгеленген жогорудагыдай мазмундагы мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Акаев мыйзам долбоорун тааныштырып, түзөтүүлөрдүн максаты жана мааниси тууралуу учкай маалымат берди. Анын айтымында, аталган мыйзам долбоору өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жаткан учурда медициналык же фармацевттик жана педагогикалык кызматкерлерди коркутуу же аларга карата зомбулукту колдонуучуларга карата кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизүүнү көздөйт.

Жыйында Винера Раимбачаева жана Жанар Акаев сунушталып жаткан эки мыйзам долбоорлорунун концепциясынын окшоштугун белгилешип, аларды экинчи окууда бириктирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: