super.kg logo

Польшада курал-жарак заводунда жарылуу болду

 

Польшанын түштүгүндөгү Скарзиско-Камьенна шаарында дүйшөмбү күнү "Меско" курал-жарак заводунда жарылуу болуп, өрт чыгып, 59 жаштагы заводдун кызматкери набыт болду. Окуянын чоо-жайын милиция менен прокуратура иликтеп жатат.

Польшалык басылмалардын маалыматына караганда, жарылуу 10-июнда эртең менен ракета күйүүчү майы менен камсыздоо борборунда болгон. Жарылуудан көп өтпөй өрт чыгып, ал тез эле өчүрүлгөн.

"Меско" заводу Польшанын коргонуу өнөр жайы үчүн стратегиялык мааниси бар ишкана. Анда Украинага жеткирилген жана Орусияга каршы согушта активдүү колдонулган “Пиорун” көчмө зениттик-ракеталык комплекстери чыгарылат.

Завод ошондой эле танктар үчүн ок-дарыларды чыгарат, алар Украинага жөнөтүлөт. Ага украиналык адистер бир нече жолу барышкан.

Азырынча жарылуунун мүмкүн болгон себептери тууралуу маалымат жок. Акыркы жумаларда Польшада инфраструктуралык объектилерде бир нече ири өрт чыкты. Атайылап өрттөө жана саботаж жасоого шектелип бир нече адам кармалган. Бийлик диверсиянын артында орусиялык аскерий чалгын кызматтары турушу мүмкүн деп шектенүүдө.

"Учурда бизде тогуз шектүү камакта, аларга Польшадагы диверсияларга түздөн-түз тиешеси бар деген айыптар тагылды", - деди Польшанын премьер-министри Дональд Туск.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: