Бир жарым ай аралыгында курулду. Рух-Ордодогу комуздун сөлөкөтү түшүрүлгөн пирс тууралуу маалымат (видео)
Рух-Ордодогу комуздун сөлөкөтү түшүрүлгөн пирс бир жарым ай аралыгында курулуп бүттү. Аталган пирс 1800 чарчы метрди түзөт. Пирсти бүтүрүү үчүн жалпы 80 курулушчу эмгектенген.

Белгилей кетсек, комуздун сөлөкөтү түшүрүлгөн бул пирсте ар кандай иш-чараларды уюштуруу, клиптерди тартуу үчүн атайын ачык калтырылган. Ал эми жарыктандыруулары четиндеги кармоочторго жайгаштырылган. Пирстин ортосуна эч кандай боз үй курулбайт.
Учурда даяр болгон пирс тууралуу социалдык тармактарда ар кандай эки жааттагы пикирлер айтылууда.
Буга байланыштуу дизайнер, коомдук активист Назира Бегим өзүнүн социалдык баракчасына Рух-Ордодогу пирс тууралуу пикирин жазды.

Анын айтымында, комуздун формасы түшүрүлгөн бул пирсте эс алуучулар сууга түшпөйт, секирбейт, тебелебейт.
"- Пирстин салынган орду чоң мааниге ээ. Бул жөн гана эс алуучу жай. Ал жакта эл сууга түшпөйт, тебелебейт, секирбейт. Бул жактан эстетикалык ырахат алат, көлгө, жаратылышка суктанат.
- Бул чертилген комуз эмес, жөн гана формасы. Бул жактан чоң маданий иш-чараларды өткөрсө болот. Эң биринчилерден болуп баштайын деп атайын подиум катары көрсөттүк. Себеби сулуулук айкалышы керек.
- Өтө мыкты идея. Биздин багыттагы, мода индустриясында чет элдик өнөктөштөрдө чоң кызыгуу пайда болду. Өзгөчө, уникалдуу деп жатышат.
- Пирстин үстүндө этно-ресторандын салынышына каршымын. Бул кооздук ушул бойдон ажайып көрк берип турушу керек", - деп жазган Назира Бегим өзүнүн Фейсбук баракчасына.
Мындан тышкары бул пирстин салынуусуна нааразычылыгын билдирген активисттер, акындар да жок эмес.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Рух-Ордого салына турчу комуздун формасы түшүрүлгөн пирс тууралуу социалдык тармакта сурамжылоо жүргүзгөн. Анда мамлекет башчы сурамжылоодо элдин 96 пайызы макул деп добуш беришкенин, аталган долбоор өзгөрүүсүз каларын айткан.
Бир жарым ай аралыгында курулду. Рух-Ордодогу комуздун сөлөкөтү түшүрүлгөн пирс тууралуу маалымат
Бир жарым ай аралыгында курулду. Рух-Ордодогу комуздун сөлөкөтү түшүрүлгөн пирс тууралуу маалымат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.