super.kg logo

“Инилериме ыраазычылык”. Бишкектеги жолчуларга акысыз тамак-аш таркатылды (видео)

 

Бишкек шаарында жолдорду оңдоп, асфальттап жаткан жумушчуларды белгисиз адамдар ысык тамак-аш менен камсыздады. Аларага ыраазычылыгын айткан борбор калаанын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев өзүнүн социалдык баракчасына билдирүү калтырган.

Анын айтымында, жумушчуларга 300 порция ысык тамак, суусундуктар, шаурма таркатылган. Демөөрчүлөр жашыруун болууну каалашкан.

“Пейилиңерден айланам. Кыргыз болгонума ушунчалык кубанам. Атын атагысы келбеген инилериме Аллах ыраазы болсун! Ысыктын күнү иштеп жаткан жумушчуларга тамак жана суусундук алып келип, таратып беришти. "Атыбызды айтпай эле коюңузчу, байке" дейт алтындарым. Силердей инилерибиз турганда Кыргыз мамлекетинин келечегине ишенимибиз бекем”, - деп жазган билдирүүсүндө.






Бишкектеги жолчуларга акысыз тамак-аш таркатылды

Бишкектеги жолчуларга акысыз тамак-аш таркатылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: