Бишкектеги супермаркеттен 39 жаштагы жаран күзөтчү менен кызматкер кызды сабады (видео)
Бишкекте супермаркетке уурулукка кирип, күзөтчү менен кызматкер кызды сабаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-июнда милицияга Ш.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 21:00 чамасында Ден Сяопин көчөсүндө жайгашкан супермаркетте бир жаран уурулук кылып жаткан жеринен кармалганын, бирок ал супермаркеттин күзөтчүсү менен кызматкер кызына баш ийбестен кол салып, ур-токмокко алганын, андан соң качып кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козгогон.
Шектүү катары мурун соттолгон 1985-жылы туулган О.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Жабырлануучуларга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.
11.06.24



