Мамлекеттик салык кызматы бардык каалоочуларды кызыктыруучу акцияга катышууга чакырат
Мамлекеттик салык кызматы бардык каалоочуларды кызыктыруучу акцияга катышууга чакырат. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда акциянын биринчи этабы аяктап, көз карандысыз комиссия жыйынтыгын чыгарууда. Жакында бир Айфон 14 жана төрт смартфондун бактылуу ээлери белгилүү болот.
Ага ылайык, кызыктыруучу акциянын экинчи этабы башталып, акция уланып жатат. Катышуучулардын баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар.
Белгилей кетсек, акцияга катышуу үчүн өзүнүн Инстаграм же Фейсбук баракчаларына контролдук-кассалык чектердин жарандардын жашоосундагы мааниси тууралуу видео же фото материалдарды колдонуу менен пост жүктөө керек.
"Акцияга катышуунун шарттары жана эрежелери жөнүндө толук маалымат Салык кызматынын расмий сайтында жана социалдык баракчаларында жеткиликтүү. Биздин айлык акциядан байге утуп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз", - деп айтылат маалыматта.

