super.kg logo

Кыргызстандагы ТОП-10 университет аталды

 
Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын улуттук рейтингин түзүү боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы белгилүү болду. Ал ЖОЖдор алты критерийдин негизинде бааланганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Алар:
  • академиялык бедел,
  • иш берүүчүлөрдүн баалары,
  • окутуунун сапаты,
  • цитирлөө индекси,
  • чет элдик мугалимдердин саны,
  • чет элдик студенттердин саны.
Өзгөчө макамдагы 6 алты университет (КММА, КМТУ, ОшМУ, КУУ, КУАУ, КРСУ) жогорудагы бардык критерийлер боюнча жалпы рейтингде топ-7нин ичине кирди. Төмөндө ТОП-10го кирген университеттер:
1. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 461,56 балл,
2. “Ала-Тоо” Эл аралык университети – 453,58 балл,
3. Исках Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 436,74 балл,
4. Ош мамлекеттик университети – 415,84 балл,
5. Кыргыз-Орус Славян университети – 412,74 балл,
6. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 404,36 балл,
7. Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети – 403,54 балл,
8. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 352,92 балл,
9. Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети – 324,3 балл,
10. Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 318,12 балл.
Белгилей кетсек, рейтингди түзүү иштери 2023-жылдын октябрында маалыматтарды берүүгө макул болгон 27 университет менен келишимдерге кол коюу менен башталган. Ушул жылдын январынан бери EdNet агенттигинин сурамжылоосуна 1001 мугалим жана 507 иш берүүчү катышкан.
Министрлик мындай изилдөө биринчи жолу өткөрүлгөнүн кошумчалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: