super.kg logo
  Саясат  

“Замандаш-Современник” партиясынын Ош шаардык кеңешинин депутаты Нурадил Жолдошев мандатынан ажыратылды

 

“Замандаш-Современник” партиясынын Ош шаардык кеңешинин депутаты Нурадил Жолдошев мандатынан ажыратылды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кечээ, 23-декабрда билдирди.  

Маалыматка караганда, Жолдошевди мандатынан ажыратууга аталган партиянын саясий кеңешинин Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган каты себеп болгон.

Эске сала кетсек, “Замандаш-Современник” партиясынан депутат болгон Нурадил Жолдошев партиянын саясий кеңешине каршы чыгып, Ош шаардык кеңештеги көпчүлүк коалицияны түзүү үчүн “Улуттар биримдигине” кирип алган. Мындан улам Ош шаардык кеңеште “Улуттар биримдиги” партиясы Жолдошев менен бирге 23 депутат болуп көпчүлүк коалицияны түзүп турган.

Ал эми Нурадил Жолдошевдин ордуна “Замандаш-Современник” партиясынын тизмеси боюнча кезекте турган Камчыбек Мамбетов депутат болуп дайындалган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: