super.kg logo

Миллиондогон О! абонентине «О!Бонус» лоялдуулук программасы жеткиликтүү

 

О! мобилдик оператору дагы көптөгөн абоненттерин «О!Бонус» лоялдуулук программасына чакырат!

Лоялдуулук программасынын мааниси - жөн гана телефон аркылуу сүйлөшүү жана байланыш кызматтарын төлөө менен сарпталган каражаттардын 1% өлчөмүндө бонустарга ээ болуп, кайра ал бонустарды байланышка же өнөктөштөрдүн товарлары менен кызматтарын төлөөгө жумшоо мүмкүнчүлүгүндө. Бонустарга товарлар менен кызматтарды «О!Деньги» электрондук капчыгы аркылуу QR боюнча төлөгөн учурда да ээ боло аласыздар. Бардык бонустар кошулат.

Алынган бир бонус 1 сомго барабар.

Сынамык лоялдуулук программасы – Кыргызстандагы уникалдуу программа. Бонустардын пайдалуу айлампасы компаниянын 15 жылдыгынын урматына ишке киргизилген. Мындайча айтканда, О! мобилдик оператору өзүнүн абоненттерине арткан ишенимдери үчүн ыраазычылыгын билдирүүдө.

О!Бонустарды ала башташ үчүн сизден төмөнкүлөр талап кылынат:

1. «Переходи на О!», «Сенин нөлүң», «Сенин супернөлүң» топтомундагы тарифтердин бирине кошулган болушуңуз керек. Тарифиңиз кандай экенин *155# буйрутмасы аркылуу же "Мой О!" тиркемесинен биле аласыз;

2.«Мой О!» тиркемесинин акыркы версиясынын орнотулушу;

3. «О!Деньги» электрондук капчыгынын идентификацияланган ээси болуу.

Эгер баары бир идентификациядан өтүү талап кылына турган болсо жана башка суроолор жаралса, O!Store дүкөндөрүнүн бирине кайрылыңыз.

О!го которулуп, бүгүндөн калбай бонустарды ала баштаңыз!

Маанилүү: берилген бонусарды «О!Деньги» капчыгына которгонго болбойт. Акциянын толук шарттары, анын ичинде төлөөдө бонустар бериле турган кызматтардын тизмеси, бонустарды берүүдөгү чектөөлөр жана берүү мөөнөттөрү, берилген бонустарды колдонуу мүмкүн болбогон учурлар, корректировкалар жана башка шарттар o.kg сайтында баяндалган.

Акция 28.11.2023-жылдан 31.12.2026-жылга чейин уланат. «НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.

«О!Деньги» сервиси менен бонустук процессинг «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лицензиялары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: