super.kg logo

Бишкек мэри Курман айтка чоң мечиттерге бирден "Тез жардам" жана өрт өчүрүү бригадасын бекитти

 

Бишкек шаарынын мэриясында мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында күч түзүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын, ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчилеринин катышуусунда координациялык комиссиянын жыйыны өттү.

Калаа мэриясынан кабарлагандай, жыйында быйыл 16-июнга туура келген Курман айт майрамында, айт намазын окууга байланыштуу маселелер талкууланды. Быйыл намаз борбор калаанын мечиттеринде окулат.



Жунушалиев шаардык коммуналдык кызматтарга мечиттерге жакын аймактардагы тазалык жана көрктөндүрүү маселелерине көңүл бурууну тапшырды. Ал эми милицияга майрам жана дем алыш күндөрү коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле шаардагы мечиттер жайгашкан көчөлөрдө унаа тыгындарынын алдын алуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды. Шаарда жүргүзүлүп жаткан жолдорду оңдоо иштерин эске алып, бул күнү коомдук транспортто жүрүүгө чакырык менен шаардыктар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү КМДБга сунуштоо чечими кабыл алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына коопсуздукту камсыздоо боюнча тийиштүү иштерди күчөтүү, анын ичинде диний жайларда өрткө каршы борбордогу чоң мечиттерге бирден өрт өчүрүү бригадасын бекитүү тапшырылды. Ошондой эле ири мечиттерди тез жардам бригадалары менен камсыздоо тапшырмасы берилди.

Мэриянын Транспорт департаменти Курман айт күнү жана айт намазы учурунда саат 05:30дан тарта коомдук транспорттун ишин камсыздайт, ал эми автобус жана троллейбустардын жүрүү аралыгы кыскарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: