super.kg logo
  Саясат  

Төрөбаев австриялык компания менен гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Австриянын эл аралык гидроэнергетикалык жабдыктарын чыгаруучу "Global Hydro Energy" компаниясынын жетекчиси Ричард Фрицберг менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар компания тарабынан Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун учурдагы абалын талкуулашты, ошондой эле келечекте кызматташуунун багыттары боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

Төрөбаев Кыргызстан ири инфраструктуралык жана эл аралык долбоорлорду, анын ичинде ГЭСтерди курууну ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Фрицберг кыргыз тарапты Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, австриялык компанияларда энергетика тармагындагы ири стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык ресурстар бар экенин, анын ичинде кайра жаралуучу энергия булактары тармагын өнүктүрүүнү белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар жолугушууда көтөрүлгөн эки тараптуу кызматташуу долбоорлорун ишке ашыруу үчүн бирге аракет көрүүгө макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: