super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Социалдык өнүктүрүү министрлиги: 2011-2012-жылдар аралыгында кыш айларында 64 үй-жайсыз адам каза болгон

 
2011-2012-жылдар аралыгындагы кыш айларында 64 үй-жайсыз адам каза болгонун Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. “Үй-жайсыз адамдар коомчулукта, өзгөчө кыш айларында чоң социалдык маселелердин бири болуп келет. Практика көрсөткөндөй, алар жашоонун кыйын абалдары менен күрөшө алышпайт. Андыктан Социалдык өнүктүрүү министрлиги “2012-2014-жылдарга карата КРнын элинин социалдык коргоосун өнүктүрүү стратегиясынын” негизинде үй-жайсыз адамдарга карата тиешелүү иш-чараларды көрө баштады”,- деп жазылат аталган министрликтин билдирүүсүндө. Ошондой эле Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы учурда республика боюнча үй-жайсыз адамдар үчүн  9 турак жай ачык экенин белгилешти. Кыш айларында Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы үйлөрдүн бардыгы толуп калганына байланыштуу министрлик үй-жайсыз калган адамдарга Нижний-Серафимовский интернат-үйүндө 4 айлык мөөнөткө орун бөлүнүп берилди.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: