super.kg logo

Баткенде сабалып ооруканага түшкөн 2 жашар кыз: Шектүү катары өгөй атасы кармалды

 

Баткенде эки жашар кыздын ооруканага түшкөнү боюнча кылмыш иши козголуп, өгөй атасы кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-июнда аймактык ооруканадан милицияга 2022-жылы туулган кыз жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн кабарланган. Бул факты маалыматтардын электрондук журналына кокустук катары катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган.

"Бул окуя жаш наристеге байланыштуу болгондуктан ыкчам тергөө тобу түзүлүп, окуя тыкыр иликтөөгө алынган. Жыйналган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.

Милиция наристенин таенеси дагы арыз менен кайрылганын белгилеп, шектүү катары 40 жаштагы өгөй атасы кармалганын маалымдады.

Буга чейин Баткен облустук милициясы церебралдык шал оорусу (ДЦП) менен төрөлгөн наристени өгөй атасы бастырууга аракет кылып жаткан учурда кыз эс-учун жоготуп койгондуктан ооруканага жеткирилгенин билдирген болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: