Салтанат Нукенованын өлүмү: Бишимбаев менен Байжановдун апелляциялык арызын кароо күнү белгиленди
Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев менен анын тууганы Бахытжан Байжановдун арызы 26-июнга белгиленгенин Астана соту билдирди.
"10-июнда Бишимбаев менен Байжановго козголгон кылмыш иши Астана шаарынын сотуна келип түшкөн. Судьянын 11-июндагы буйругу менен иш 26-июнда саат 10:00гө белгиленген. Отурум Астана сотунун имаратында өтөт", - деп айтылат соттун маалыматында.
Өкүмгө карата апелляциялык арызды соттолгондор жана алардын жактоочулары беришкен.
"Алар өздөрүнүн кайрылууларында Байжановдун аракетинде кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу актап берүүнү, Кылмыш-жаза кодексинин 99-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган айып боюнча өкүмдү өзгөртүүнү, Бишимбаевдин аракеттерин берененин 3-бөлүгүнө кайра квалификациялоону суранышкан. Кылмыш-жаза кодексинин 106-беренесине ылайык жазаны кыскартуу менен квалификациясы өзгөртүлүп, ошондой эле өкүм жокко чыгарылып, иш жаңыдан соттук териштирүүгө жиберилсин", - деп белгиледи сот.
Эскерте кетсек, 31 жаштагы Салтанат Нукенованын жансыз денеси 2023-жылдын 9-ноябрында Астана шаарындагы "BAU" ресторанында табылган. Аны сабап өлтүрүүгө шектелип күйөөсү, мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев кармалган. Ага Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 110-беренеси (Кыйноо), 99-беренеси (Өтө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) жана 14-беренеси (Өтө оор кылмыштын кайталанышы) боюнча айып тагылды.
Ага байланыштуу, 13-майда Куандык Бишимбаев келинчеги Салтанат Нукенованы өлтүргөн деп айыпталып, 24 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы аткаминер жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөйт.



