super.kg logo
  Саясат  

Парламент Ысык-Көлдөн чет элдиктерге мүлк сатууга уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алды

 

Бүгүн, 12-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Документке 63 депутат “макул”, үч депутат “каршы” добуш берди.

Ага ылайык, чет өлкөлүк жарандарга Ысык-Көлдүн аймагынан мүлк сатып алууга уруксат берилет. Мыйзам долбоорун депутаттар Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков демилгелеген.

Эми мыйзам долбооруна президент кол койсо, 2004-жылы кабыл алынган “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамга жана Жер кодексине өзгөртүү киргизилет.

Азыр иштеп жаткан мыйзамга ылайык, өлкөнүн Ысык-Көлдөн башка аймактарында чет элдиктерге мүлк сатып алууга уруксат берилген.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору буга чейин комитетте каралып жатканда талаш жараткан. Биринчи окууда каралып жатканда Султанбай Айжигитов кесиптеши Бакыт Сыдыков менен кайым айтышса, экинчи окууда Айжигитов менен Балбак Түлөбаев жаакташып, бири-бирин акмак деп атаганга чейин барышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: