Ош шаарында 12 үй тибиндеги бала бакча иштеп жатат






Ош шаарында бала бакчалардын жетишсиздигин чечүү жана мектепке чейинки билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Набережная, 13 көчөсүндө жайгашкан “Алымбек датка” МАБында дагы бир үй тибиндеги бала бакча ачылды.
"Ош шаарында үй тибиндеги бала бакчалардын жеңилдетилген шартта ачуу боюнча эл арасында калкка кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн атайын жумушчу топ иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.
Анын негизинде бүгүнкү күнгө карата бул багытта 30дан ашуун арыздар келип түшкөн. Учурда 12 үй тибиндеги бала бакча ачылган.
Мындан тышкары быйыл дагы кошумча 20 үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу максатталган.
Жалпысынан бул программанын алкагында бала бакчаларда 200гө жакын балага орун түзүлдү.

