super.kg logo

Бишкекте чет элдик жарандар массалык түрдө мушташты

 

Бишкектин Свердлов районунда чет элдик жарандардын массалык мушташы болду. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 10-июнь күнү саат 23:30да 102 кызматына чет элдиктер мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул окуя дароо каттоого алынып, окуя болгон жерге Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барышкан.

Жерине барган милиция кызматкерлери мушташ Пакистан менен Бангладештин жарандарынын ортосунда болгонун тактаган. Натыйжада 32 чет элдик жаран милицияга жеткирилген. Кармалгандарга 16 протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, мушташка катышкандардын бирине Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, 5500 сом айып салынган. Эки чет элдик үч суткага камакка алынып, калгандары менен милиция профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, мушташка катышкандардын ичинен экөө алкоголдук жана баңгизатка мас абалында болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.06.2024. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
5500 сом мындай кылмышка аз эле болуп калат да, эже карындаштарыбыз ушуларды айланып өтүп көчөдө жалгыз басалбай калышты, качан бир жериңерди кесип кеткенде кууп чыгасыңарбы өлкөдөн?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: