super.kg logo

Бишкек мэриясынын түзүмүндө жаңы муниципалдык мекеме ачылды

 
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирдиктүү саясатын жүргүзүү үчүн борбордун мэриясынын түзүмүндө Отун-энергетикалык комплекс департаменти түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, департамент Министрлер кабинетинин 7-июндагы №303 токтомунун негизинде түзүлгөн. Ага ылайык, Бишкек шаарынын мэриясына муниципалитеттин түзүмүнө шаардын отун-энергетикалык комплексинин ишин уюштуруучу мекеме болгон ишкананы түзүү тапшырылган.
"Министрлер кабинетинин бул токтому менен "Электр станциялары" ААКсынын Бишкек шаарынын ЖЭБ жана "Бишкекжылуулук" ААКсы филиалдарынын мүлк комплекстери Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Бишкек мэриясынын Отун-энергетика комплекси департаментине жылуулук, газ жана электр менен жабдуу тармактарын эксплуатациялоо жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларды координациялоо жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктар берилди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: