"Аккулада" чагылгандан баланын каза болушу: Бишкек мэриясы билдирүү жасады
Учурда Бишкектеги ипподромдун аймагындагы ат сарайлардын баары менчиктештирилип, бирок айрым ат сарайларды жеке адамдар пайдаланып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда мэриядан билдиришти.
Мекемеден билдиришкендей, муниципалитет тарабынан ипподромдун аймагын пайдаланбоо боюнча бир нече жолу талаптар коюлганына карабастан, жеке адамдар өзүм билемдик менен аттарды үйрөтүп, машыктырып келишет.
Белгилей кетсек, кечээ, 12-июнда "Аккула" ипподромунун аймагына чагылган түшүп, бир адам каза болгон.
Ага ылайык, Ленин РИИБи бул факт боюнча тиешелүү экспертизаларды дайындоо жана күбөлөрдү суракка алуу менен тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.