Бишкекте 136-маршруттук таксинин айдоочусу бир адамды өлтүрө коюп кетти

Бишкекте №136-маршруттук таксинин айдоочусу бир адамды коюп кетти. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерден каза болгон. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 24-декабрда саат 07:00 чамасында 49 жаштагы кичи автобустун айдоочусу Байтик баатыр көчөсү менен түштүк тарапты көздөй бара жатып Сүйөркулов көчөсүнө жетпей 54 жаштагы С.Антонинаны сүзүп алган.
Учурда унаа айып жайга токтотулуп, топтолгон материалдар Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Жолдон отуп аткан адам ойлойт мен ото берсем машинадагы айдоочу мени коруп токтойт деп. Оа токтойт бирок ушундай жол тайгак кезде ал адамды айдоочу коруп тормос тепкен кундо да копко чейин барып анан токтойт. Анткени тайгаланып барып токтойт. Ошондуктан эки жак тен абайлаш керек.