"Ой-боюна койбойбуз". Жапаров Кыргызстанда контрабандачы менен ОПГларга орун жок экенин айтты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан жыйында Кыргызстандагы контрабанда менен алектенгендер боюнча дагы айтты.
Анда Жапаров Кыргызстанда мындан ары контрабандачылар менен ОПГларга орун жок экенин баса белгиледи.
"Контролдук кассалык машиналар, электрондук эсеп-фактуралар контрабанда кылгандардын жолун толук бууйт. Ушул жылдын аягында биз ошого жетишебиз деп турабыз. Биз алардын ой-боюна койбойбуз. Алар же мыйзам менен иштеши керек, же салыгын татынакай төлөп, мамлекетибизден пайдасын көрүшү керек. Контрабандачыларга, ОПГларга Кыргызстанда мындан ары орун жок", - деди Жапаров.
Ошондой эле ал учурда Өзбекстанда эле 1 жарым миллион ККМ аппараттары иштеп жатканын айтты.
"Биздин ишкерлер Өзбекстанга барса бардыгын татынакай төлөйт, Кытайдан келе жатканда баарын төлөйт. Алматыга барсаңыздар бир шаарда эле 400 миң ККМ турат. Бизде болгону Кыргызстан боюнча 87 миң ККМ койсок болбой жатат. Бардыгыбыз мыйзам менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек", - деди Жапаров.
Жапаров Кыргызстанда контрабандачы менен ОПГларга орун жок экенин айтты

